Көп берилген суроолор

Биз менен кантип байланышка чыкса болот?

Биздин колдоо командасы менен бул шилтеме аркылуу https://www.getcontact.com/send-report байланышыңыз. Көбүрөөк маалымат, жардам алганга же арыз калтырганга укугуңуз бар.

Getcontact маалыматымды кандайча колдонот?

Биздин Жашырындуулук саясатында Getcontact сиздин маалыматыңызды кантип жана кайсы максаттар үчүн колдонгонун таба аласыз [https://www.getcontact.com/privacy]. Маанилүү жерлери төмөнкүдөй кыска мазмуну катары берилет;

- Сизге сунуштаган кызматыбызды жакшыртыш, жекелештириш, жеткириш үчүн .

- Мыйзамдуу милдеттерди актарыш үчүн, мисалы алдаткан чалуулардан коргоо, спамды аныктоо жана ыйгарым укуктуу мекемелерге маалымат бериш үчүн.

- Getcontact тиркемесинин укук жана коопсуздугун жана колдонуучуларыбызды коргош үчүн, мисалы алдаткан чалуулардан же аныкталган спамдардан.

- Чогулган анонимдүү маалыматтар менен отчет даярдаганда жана талдоо жүргүзгөндө колдонуш үчүн.

Getcontact менин байланыштарымды коомго жеткиликтүү же башкалар издей алчудай кыла алабы?

Жок, байланыштарыңыз эч качан башкалар көрө турчудай, издей алчудай болуп жүктөлбөйт. Биздин каталогдон номерди тастыкташ үчүн издеп жатсаңыз, же байланыштын профилин көрсөңүз, номер же Getcontact профили биздин каталогдан гана издей алынат. Getcontact каталог маалыматын биздин болбогон башка максаттар үчүн колдонуш үчүн техникалык же оператордук мүмкүнчүлүккө ээ эмес.

Номеримди Getcontact каталогунун тизмесинен чыгарта аламбы?

Ооба, туура. Төмөнкү жөнөкөй кадамдарга карата номериңизди тизмеден чыгарсаңыз мүмкүн: Жашыруундуулук Өзгөчөлүктөрү > Көрүнүүү Өзгөчөлүктөрү

Getcontact ичинен маалыматымды өчүрө аламбы?

Ооба, туура. Профилиңизге тиешелүү маалыматты өлкөңүз үчүн атайын арналган Жашыруундуулук Өзгөчөлүктөрү Борборунан өчүрө аласыз. https://www.getcontact.com/manage. Унутпаңыз, бүт маалыматыңызды өчүргөндөн кийин эсебиңиз Getcontact кызматтарынан мындан ары пайдаланбай калат.

Тег деген эмне? Тегдерди кантип кошо алам?

Getcontact колдонуучусу үчүн тег маалыматы (жасалма аты, аты-жөнү, жб.) башка колдонуучулар тарабынан берилет. Тегдер колдонуучу тарабынан өзгөрүлөт.

Башка Getcontact колдонуучулар үчүн тегдерди “Тег Кош“ бөлүмүнөн тегдей аласыз, ал колдонуучу профилинде табылат. Тиркемеге жазылгандан кийин, менюдан “Бат Тег Кош“ бөлүмүн тандап аткара аласыз.

Тегдерди өзүм үчүн кошо аламбы?

Getcontact коому шарттарына карата, башка колдонуучулар үчүн гана тегдерди кошо аласыз; бирок өзүңөрдүн тегдериңерди башкара аласыз.

Тегдерди ким кошконун профилимде көрө аламбы?

Адепсиз тегдерге жол бербеш үчүн туруктуу түрдө жакшыртылган атайын тандоо системабыз бар. Алгоритмди жакшыртыш үчүн, адепсиз жана тиешесиз тегдер тууралуу бизге маалымдаңыз. Кызматыбызды жакшыртыш үчүн бизге жардам берет.

Тегдеримди кантип өзгөртүп же өчүрө алам?

Профилиңизге тиешелүү тегдер Жашырындуулук Өзгөчөлүктөр Борборунан аркылуу көрүнүп, тиркеменин ичинен өзгөртүлүп же өчүрүлө алат (https://www.getcontact.com/manage)

Getcontact үчүн колдонгон эл.кат дарегимди кантип өзгөртө алам?

Ылдыйкы менюдагы “Башка“секциясынан “Профилди көрсөт“ дегенди басып эл.кат дарегин өзгөртсөңүз мүмкүн.

Телефон номеримди байланыштарым үчүн кантип көрүнбөс кыла алам?

Көрүнүш өзгөчөлүктөрүн төмөнкү шилтеме аркылуу оңдой аласыз: https://www.getcontact.com/manage Ар бир өзгөртүү серверлерибизде 48-саат ичинде гана ишке ашырылышы мүмкүн.

Номеримди Getcontact профилине кантип кошо алам?

Getcontact профилиңиз бир телефон номери менен гана колдонулса болот.

Getcontactта профиль атымды кантип өзгөртө алам?

Тиркемеде өзгөчүлүктөр бөлүмүнөн профилиңизде көрүнгөн атыңызды алмаштырганга мүмкүнчүлүк берилет. Алмаштырганда, жаңы профиль аты, издөө натыйжаларда алдыңкы планда чыгат.

Ишенимдүүлүк баллы деген эмне?

Ишенимдүүлүк баллы атайын талдоо ыкмасы, Getcontact тарабынан алдоо чалууларына каршылык көрсөтүш үчүн чыгарылган. Ишенимдүүлүк баллы 1-10 шкала боюнча ыйгарылат.

Ишенимдүүлүк баллы кантип иштейт?

Ишенимдүүлүк баллын бир нече алгоритмди кошуп эсептейбиз, мисалы

телефон номери тууралуу башкалар берген маалымат

телефон номердин спам аракеттери.

Жана башка Жасалма интеллект технологиябызга керектүү алгоритмдер кошулуп бизге ошол номери үчүн Ишенимдүүлүк баллын эсептегенге жардам берет.

Ишенимдүүлүк баллына толугу менен ишенсем болобу?

Жок! Getcontact өз болжолун эле сунуштайт, ушул баллдарга таянуу сиздин тандооңуз.

Менин акысыз колдонуу укугум качан узарат?

Лимиттериңиз айдын биринчи күнүндө узарат. Калган лимиттерди текшериш үчүн, бул кадамдарды колдонуңуз: Башка > Жазылуу маалыматы.

Эмне үчүн бир маалдык ОТП жашыруун сөзү керек?

Биздин колдонуучу тастыктоо ыкмабыз номердин ээсине же Getcontact профилине таандык болгонун текшерип, ээси гана уруксат берчүдөй кепилдик берет. Бул тастыктоо ыкмасынын бөлүмү катары бир ирет колдонулган ОТП жашыруун сөзүн жаратканга талап кылабыз, ал эсеп жана Жашыруундуулук Өзгөчөлүктөрү Борборуна жеткилик берет (https://www.getcontact.com/manage)

Атка карата издей аламбы?

Getcontact чалуучуларды телефон номери аркылуу гана аныктайт. Тилеке каршы, ат аркылуу издөө мүмкүн эмес.

Эмне үчүн бардык чалууларда чалуучунун номерин көрө албайм?

Getcontact колдонуучулардын жашыруундуулугу тууралуу ойлойт. Көрүнгүсү келбеген колдонуучунун номерин аныктоого мүмкүнчүлүк бербейбиз.

iPhone телефонун колдоном. Чалуучунун номерин же аты-жөнүн эмне үчүн көрө албайм?

iOS аппараттарында, спам катары белгиленген чалуулар гана аныкталат. Андроид аппараттарында, бул мүмкүнчүлүк берилет. Чалуучунун маалыматын көрө албасаңыз, тиркемеде керектүү уруксаттарды берсеңиз болот. Тиркемеде уруксаттарды иреттип же мобилдик аппараттка өзгөчүлүктөрдү өзгөртүп бул өзгөчүлүктү иштете аласыз.

Менин номеримди ким издегенин биле аламбы?

Жок! Номериңиз канча жолу жана качан изделгени тууралуу Premium колдонуучуларына гана чектелген маалымат берилет. Тегдериңизди көргөн адамдарды гана көрө аласыз. Тилеке каршы, ал мааламатка жетиш үчүн, тегдериңизди көргөн кишиде “Жеке Режими“ болбош керек. Эгер “Жеке Режими“ иштеп жатса, ал кишини “Анонимдүү“ катары көрөсүз.

Эмне үчүн билинбеген чалуучулар аныкталбай жатышат?

Билинбеген чалуучу деп мобилдик операторлор аныктайт. Getcontact тарабынан аныкталыш үчүн номер билинбеген болуш керек.

Чалуу/Издөө тарыхымды кантип өчүрө алам?

iOS колдонуучулары үчүн;

Бүт издөө тарыхын “Бардыгын Өчүр“ дегенди басып өчүрө аласыз.

Android колдонуучулары үчүн;

Жогорку менюда “Өчүр“ баскычы аркылуу издөө тарыхын өчүрө аласыз. Чалуулар тизмесин өчүрүш үчүн телефон ичинен чалуу тарыхын өчүрүшүңүз керек.

Getcontact акы төлөөнү талап кылган тиркемеби?

Getcontact тиркемесин акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгү берилет. Ар түрдүү жазылуу ыкмаларын сунуштайбыз, кээ бир өзгөчөлүктөргө жогорку лимиттер укугун беребиз. Жазылуу сунуштарыбыз жана төлөм баалары өлкөгө карата алмашканы мүмкүн. Өлкөңүздө Premium сунулса, Premium сунуштарбызды Профиль баракчасында тапсаңыз болот.

Номеримди өзгөртө аламбы?

Getcontact эсебинде номериңизди алмаштыруу мүмкүн эмес. Азыркы Getcontact номериңиз сизде жоготуп, жаңы номерге алмаштырсаңыз, азыркы жазылуудан баш тартып тиркемеден чыгыңыз. Анан жаңы номер аркылуу жаңы эсепти ача аласыз. Мисалы Premium жазылууга же башка кызматкарга укуктарды жаңы номерге которуш үчүн, төмөнкү ыкмаларды колдонгонуңузду сунуштайбыз:

- Premium үчүн төлөм Apple Store аркылуу алынса, Premium пайдаларын жаңы номерине "Сатып алууну узарт" дегенге басып которо аласыз, тиркеменин ичинде Premium деген баракчасында таба аласыз. Төлөм алынган эсебиңизге жеткилик жоготсоңуз, Premium укуктарын да жоготосуз.

- Төлөм кредит карта же мобилдик оператору аркылуу аткарылса support@getcontact.com дарегине жазыңыз. Getcontact адиси жагдайыңызды текшерип, сатып алынган жазылууну жаңы номерге которот. Мурунку номериңиз үчүн жазылуу иштебей калат, унуптаңыз.

Жазылуу пакеттери кандай пайдаларды сунуштайт?

Эң акыркы жазылуу пакеттери жана өзгөчөлүктөр үчүн, https://premium.getcontact.com/ баракчасына өтүңүз.

Кантип жазыла алам?

Getcontact жазылуу пакеттери жөнүндө ылдыйкы менюдагы "Башка" дегендин ичинде "Getcontact Premium" бөлүмүнөн таба аласыз.

Кредит карта же мобилдик оператору аркылуу сатып алсаңыз болот: https://premium.getcontact.com/ Getcontact Premium өлкөңүзгө карата жеткиликтүү болгонун унутпаңыз.

Менде калган лимиттерди кантип текшерем?

Калган лимиттерди текшериш үчүн, бул кадамдардын артынан басыңыз: Башка > Жазылуу маалыматы.

Бир номерди блоктоп же спам катары кантип билдирем?

Чалган номерди издегенде "Маалымда" деген баскычты колдонуп, бизге маалымдап, блоктой аласыз.

- Номерди бизге маалымдасаңыз, кийинчирээк сизге СПАМ катары көрүнөт.

- Номерди маалымдап, блоктосоңуз, ал номерден башка чалууларды албайсыз.

Getcontactтан профиль маалыматымдын копиясын талап кыла аламбы?

Ооба, туптуура, маалыматыңызды окуй алчудай атайын форматта жүктөнөнгө мүмкүнчүлүк берген өзгөчүлүк коштук. Нускасын талап кылыш үчүн биздин Жашыруундуулук Өзгөчөлүктөрү Борборуна барыңыз https://www.getcontact.com/manage

Спам чалуулардан өзүмдү кантип коргой алам?

iOS аппаратын колдонгондор үчүн;

Getcontact тиркемесинин ылдыйкы менюсунан "Коргоонуну иштет" дегенди басып, спамдан коргонууну төмөнкү маалыматка карата иштетсеңиз болот.

Бул кадамдан кийин, Спам экранын ылдыйга которуп "Спам Өзгөчөлүктөрү" менюсунун ичинде "Өзгөчөлүктөрдү өзгөрт" дегенди таап, "Спам чалууларды блокто" жана "Спам жана алдаган чалуулар үчүн эскертүү көрсөт" дегендерди тандай аласыз.

Android аппаратын колдонгондор үчүн;

Спамдан коргонуу баскычын эки жол аркылуу ача аласыз:

- Тиркемени жүктөгөндө, эгер керектүү уруксаттарды берсеңиз, спамдан коргонуу иштеп турат.

- Эгер керектүү уруксаттарды берсеңиз, "Коргонууну иштет" деген менюсунда берилген маалыматка карата спамдан коргонууну иштете аласыз. Ылдыйкы менюдагы "СПАМ" бөлүмүнөн өтө аласыз.

Бул кадамдан кийин, Спам экранын ылдыйга которуп "Спам Өзгөчөлүктөрү" менюсунун ичинде "Өзгөчөлүктөрдү өзгөрт" дегенди басып, "Спам чалууларды блокто" жана "Спам жана алдаткан чалуулар үчүн эскертүү көрсөт" дегендерди тандай аласыз.

Getcontact колдонгондо, менин байланыштарым башкалар тарабынан изделе алабы?

Байланыштарыңыз Getcontact тарабынан эч качан башкалар издей же көрө алчудай кылынбайт. Байланыштарыңызга жетүү уруксаты сиз өзүңүз берсеңиз гана колдонула алат. Каталогуңузга жетүү уруксатын сурап, кызматыбызды жакшыртыш үчүн же белгилүү өзгөчөлүктөрдү сунушташ үчүн талап кылышыбыз мүмкүн. Толук маалымат үчүн, биздин Жашыруундуулук Саясаты жазылган баракчасына барыңыз https://www.getcontact.com/privacy

Ката кетирип номерди спам катары билдирдим. Катамды кантип оңдой алам?

Номерди издегенден кийин экранда чыккан "Блоктон чыгар” дегенди басып, блоктоп чыгарып же спам чалуулардын тизмесинен чыгара аласыз.

Ылдыйкы менюдан "Спам” дегенди басып, баракчаны ылдый көздөй которуп, "Спам Өзгөчөлүктөрү” менюсунан "Блок тизмеси” дегенге жетип, спам катары белгиленген номерди спам чалуулардын тизмесинен чыгара аласыз.

Менин номерим спам катары белгилениптир.

Getcontact номерлерди спам катары алдыңкы алгоритм аркылуу аныктайт. Эгер номериңиз каталуу түрдө спам катары белгиленсе, support@getcontact.com эл.кат. дарегине жазыңыз. Номериңиз Getcontact адиси тарабынан текшерилет. Номериңиз спам тизмесинде болсо, аны ал жерден алабыз же өчүрөбүз деген кепилдик бере албайбыз.

Номер спам катары кантип белгиленет?

Спам аныктоо атайын алгоритм аркылуу даярдалып, сиздин коопсуздугуңуз үчүн жаратылган. Getcontact миллиондон ашуун колдонуучулардын маалымдоосуна таянып, чалуу спам же спам эмеспи текшерет. Күндөн күнгө технологиябызды жакшыртып келатабыз.

Каталар тууралуу сизге маалымдай аламбы?

Сиздин жообуңуз биз үчүн маанилүү, кызматыбызды сиздин колдооңуз менен гана сунуштай алабыз, ошондуктан биз менен байланышка чыгыш үчүн тартынбагыла.

Биз менен байланыш үчүн тиркеменин ичинен Жардам > Бизге жаз.

Каталарды тапсаңыз, алар тууралуу маалымдаш үчүн: https://www.getcontact.com/send-report

E-mail: support@getcontact.com

Бизге электрондук кат жазганда төмөнкү маалыматтарды калтырганга унутпаңыз!

Телефон номери:

Азыркы өлкө:

Платформа (Android, IOS, Web):

Тиркеме версиясы:

Тема:

Ката коду 5001 деген эмне?

Бул катаны Getcontact серверлеринде убактылуу тоскоолдук чыкканы үчүн алсаңар керек. Тиркемеден чыгып кийинирээк кайра кирип көрсөңүз болот. Ката кетпесе, биз менен байланышка чыгыңыз.

Ката коду 5003 деген эмне?

Бул ката коду чыкканы үчүн бир нече себептери бар. Тиркемени колдонуш үчүн интернет байланышы болуш керек. Интернет байланышын текшериңиз. Бул ката өкмөт тарабынан коюлган чектөөсү үчүн болушу мүмкүн. Эгер ката кетпесе, биз менен байланышка чыгыңыз.

Мен жазылууларымды кантип башкарам?

Сиз жазылууңузду сатып алган каналдан башкарсаңыз болот.

Google Play Store аркылуу сатып алынган жазылуулар үчүн: Жазылуулады башкарыш үчүн кийинки ссылкага ѳтүп киргенден кийин Меню > Жазылуулар бетине кириңиз https://play.google.com/store/account/subscriptions

Apple Store аркылуу сатып алынган жазылуулар үчүн: Жазылууларды башкарыш үчүн кийинки ссылкага ѳтүп, аккаунтка киргенден кийин «Жазылууларыңызды башкарыңыз» деген баскычын басыңыз https://support.apple.com/en-us/HT202039

Веб-сайт аркылуу сатып алынган жазылуулар үчүн: Жазылууларды башкарыш үчүн кийинки ссылкага кирип, аккаунтка киргенден кийин тѳмѳнкү кадамдарды аткарыңыз https://premium.getcontact.com

"Профиль бети > Тѳлѳмдѳр & Жазылуулар > Жазылуу планын башкаруу"

Сураныч, эсиңизде болсун, сиз акча тѳлѳгѳн убакыт ичинде, жазылууңузду токтоткондо дагы, сиздин планыңыздагы мүмкүн болгон чектер менен мындан ары дагы колдоно берсеңиз болот. Жазылуу токтотулгандан кийин, сиздин буга чейинки жазылуу убакытынын акы тѳлѳѳңуз кайра кайтарылбайт, жана жазылуу тѳлѳм айланмасы кайра башталганга чейин токтотулса, калган убактынын акы тѳлѳѳсү да кайра кайтарылбайт.